Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча маалыматын эске алышты. Мындай чечим бүгүн, 18-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды.
Жыйынга премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышты.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин берген маалыматына караганда, күз-кыш мезгилине карата даярдык иштеринин жүрүшүн координациялоо максатында республикалык штаб түзүлүп, анын алдында облустук жана райондук штабдар иш алып барууда. Электр кубатын пайдалануу лимитин азайтуу, жылытма жабдууларды өчүрүү, үч фазалуу өткөргүчтөргө чектөө киргизүү жана анын наркын 1 сом 20 тыйынга көтөрүү аркылуу үнөмдөө чаралары көрүлүп жатат.
Каралып жаткан мезгил аралыгында электр энергиясы жаатында 2,3 миллиард кВт/саат көлөмүндө таңсыктык боло тургандыктан, гидроэнергетикага альтернативдүү булак катары көмүр менен газ тандалып алынды. Калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн анын көлөмү менен баасы такталып, жер-жерлерде атайын базалар ачылды. Мындай чаралар көмүр баасынын кескин өсүп кетүүсүнө бөгөт болору бышык.
Андан сырткары "Газпромдун" жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен ар миң кубун 165 доллардан 300 миллион куб газ алып, калкка 12,95 сомдон сатуу жагы макулдашылганы, ал мурдагыга караганда кыйла арзан экени белгилүү болду. Бишкек ЖЭБине да газды 165 доллардан берүү макулдашылды. Сууну үнөмдөө максатында коңшу Казакстандан кийин кайтарып берүү шарты менен 500 миллион кВт көлөмүндө кошумча электр энергиясын импорттоо жаатында сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Талкуу жыйынтыгында Кыргызстандын экономика тармактарын жана калкын 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө маалыматты эске алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Ошону менен бирге талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн жакшыртуу багытында өкмөткө бир катар тапшырмалар берилди.