Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында өкмөттүн кышка даярдыгы талкууланды. Спикер Асылбек Жээнбеков отурумду жыйынтыктап жатып, депутаттар тарабынан бир катар жүйөлүү маселелер көтөрүлгөнүн, ал эми өкмөт тарабынан айрым маселелерге карата жеткиликтүү жооп алынбай калганын белгиледи. “Депутаттар эл арасындагы көйгөйлөрдү көтөрүштү. Өкмөт кээ бир суроолорго так жооп бербей, айрым жасалып жаткан иштерди айта алган жок. Мисалы, Бишкек жылуулук борборуна 1000 метр кубу 165 доллардан газ келери маалым. Мурда бул сумма 385 долларды түзчү. Ал эми азыркы кыйынчылыктар убактылуу, энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн жасалып жаткан иштердин келечеги бар”, - деди Жээнбеков.