КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Массалык маалымат жана коммуникация департаментинин директору болуп Бактыгүл Норузбаева дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, мындай буйрукка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгон.
Бактыгүл Норузбаева 2005-жылы Кыргыз туризм академиясын бүтүрүп, менеджер кесибине ээ болгон. Экинчи жогорку билимди К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинен алган. Өзүнүн эмгек жолун Бишкектеги Спорт комитетинен баштаган. 1995-1997-жылдары Туризм жана спорт министрлигинде башкы катчы, 1997-1998-жылдары “Кыргызинтурис” акционердик коомунда кадр бөлүмүнүн башкы инспектору, 2003-2009-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматында мамлекеттик тил боюнча башкы адис, 2009-2013-жылдары Эл аралык жаштарды өнүктүрүү корпусунда коомчулук менен байланыш жана массалык маалымат каражаттарынын координатору. Мамлекеттик кызматта жалпы эмгек стажы 12 жыл.