Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратына Бишкек шаардык №25-орто мектептин окуучуларынын ата-энелеринен мектеп тегерегинде түзүлгөн абалды түшүндүрүп берүү иретинде кайрылуу кат келип түшкөн.
Буга байланыштуу өкмөттүн аппаратынын маалыматын 18-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады.
Аталган мектеп Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүндө жайгашып, үч корпустан турат. Техникалык паспортко ылайык, имараттын №1 жана №3-бөлүгү 1952-жылы салынган, ал эми №2-бөлүгү 1968-жылы курулган.
Имарат конструкциясын карап чыгууда ички дубалдын кыштары бузулгандыгы, спортзалдагы жараканын орун алуусу, имараттын тышкы шыбагынын түшүүсү, тосмолордун бузулушу жана мындан башка бир катар кемчиликтер аныкталган.
Буга байланыштуу Ленин райадминистрациясынын 2013-жылдын 3-июлундагы буйругу аркылуу №25-орто мектептеги окуу процесси токтотулган. Учурда мектеп имараты иштебейт, окуучулар жана мугалимдер убактылуу түрдө №74-мектептин имаратына которулган.
Мындан соң Бишкек мэриясынын 2014-жылдын 28-мартындагы буйругу аркылуу тармактык маморгандар адистеринен турган комиссия түзүлүп, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде мектеп имаратын түрттүрүү чечими кабыл алынган.
Белгилесек, 2015-жылга карата “капиталдык салым” беренеси боюнча каржыланчу курулуш объектилеринин тизмесин түзүү учурунда борбордук №25-мектеп имаратын куруу маселеси бекитилген тартипте каралат.
Жыйынтыктап айтканда, Бишкек шаардык №25-мектебинин имараты түрттүрүлгөн жер тилкеси коммерциялык максатта пайдаланылары тууралуу ата-энелердин кооптонуусу негизсиз деп эсептелет.