Парламент Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты орнотуу ишине кызматкерлерди жиберүү демилгесин 2-окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 18-сентябрда "КРнын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун 2-окууда колдоду. Мындай чечим 18-сентябрда парламент жыйынында кабыл алынды.

Демилгечилердин айтымында, мыйзамда өлкө аймагынан сырткары БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына катышуу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жиберүү тартибинин өкмөт тарабынан аныкталуусу каралган эмес. Ошондон улам ушу тапта ошондой жобону бекитүү зарылчылыгы келип чыгууда. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун ченемдери учурдагы ченемдик-укуктук актыларга каршы келбейт.

Аталган мыйзам долбоорун парламент депутаттары 17-сентябрда талкууга алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан