Жергиликтүү кеңештерге талапкер көрсөтүү укугу саясий партияларга берилгени жатат. Тийиштүү мыйзам долбоорун парламент 18-сентябрда 2-окууда колдоду. Демилгечи депутаттардын айтымында, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү, ошондой эле аларды дагы башка мыйзамдардын жоболоруна ылайыкташтыруу зарылдыгы келип чыкты. Мыйзамдардагы "шайлоочулардын тобу" деген түшүнүк алынып салынып, жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга гана ыйгарылмакчы.