Феликс Кулов: “Бүгүн биздин министрлер таяк жей турган балдардай болуп калышты”

Бүгүн, 19-сентябрда “Ар-намыс” фракциясынын отурумунда фракция лидери Феликс Кулов: “Бүгүнкү күнү биздин министрлер таяк жей турган балдардай болуп калышты”,- деп билдирди. Анын айтымында, ар бир парламенттик отурумда министрлер депутаттар тарабынан сынга алынышууда. “Айрым учурларда алар маанилүү иштеринен алаксып, отурумдарга келишүүдө. Министрлерди ар дайым алаксытуу туура эмес деп ойлойм. Ошондуктан биз чет өлкөлүк тажрыйбаны ылайыкташтырышыбыз керек. Мисалы, Европа мамлекеттеринде ар бир министрликтин статс-катчысы бар. Алар парламенттик отурумдарга катышып келишет. Ал эми министрлер бюджет маселеси каралганда жана отчёт берүү үчүн гана отурумдарга келишет”,- деди Кулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан