Депутаттар өлкөдөгү 15 министрликтин 7син жоюуну сунушташууда

Бүгүн, 19-сентябрда “Ар-намыс” фракциясынын отурумунда фракция лидери Феликс Кулов өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жана министрликтерди кыскартууну сунуштады. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 15 министрлик бар. “Бизге 8 эле министрлик жетиштүү. Юстиция, Каржы, Билим берүү жана илим, Коргоо, Ички иштер, Тышкы иштер министрликтерин калтыруу керек. Мындан тышкары сооданы өнүктүрүү жана инфраструктура боюнча министрликтерди кошуу зарыл. Ал эми президентке баш ийген УКМК өкмөттүн курамында калат”,- деди Кулов.

Андан соң министрликтер саясат жана соода боюнча 2 милдетти аткарарын баса белгиледи. “Соода милдетине тендерлерди өткөрүү киргендиктен, министрлер буга көбүрөөк көңүл бурушууда. Ошондуктан аларга саясий гана функцияны калтыруу зарыл”,- деп түшүндүрдү ал.

Мындан тышкары “Ар-намыстын” лидери бир премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр жана эркин вице-премьер-министрди гана калтырууну сунуштады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан