Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссия мамлекеттик органдардын Коомдук кеңештерине шайлоо үчүн сынак жарыялады. Сынак жалпы коомчулукка, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык союздардын, министрликтин жана администрациялык ведомствонун ишине аралашкан чөйрөлөрдөн эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрүнө тийиштүү. Өкмөттөн 18-сентябрда билдиргендей, төмөнкү органдардын Коомдук кеңештери шайланмакчы:
Министрликтер
КРнын Тышкы иштер министрлиги
Коргоо министрлиги
Ички иштер министрлиги
Юстиция министрлиги
Финансы министрлиги
Экономика министрлиги
Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
Энергетика жана өнөр жай министрлиги
Билим берүү жана илим министрлиги
Саламаттык сактоо министрлиги
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги
Социалдык өнүгүү министрлиги
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
Мамлекеттик агенттиктер
Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
Мамлекеттик байланыш агенттиги
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги
Мамлекеттик кызматтар
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
Мамлекеттик салык кызматы
Мамлекеттик бажы кызматы
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
Мамлекеттик каттоо кызматы
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)
Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы
Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат
Фонддор
Мамлекеттик материалдык резервдер фонду
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд
Мамлекеттик инспекциялар
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир уюмдан тиги же бул Коомдук кеңешке бир гана адам шайланышы мүмкүн. Бир эле адам бир гана Коомдук кеңешке мүчө болуп шайлана алат. Коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан, ошондой эле жарандардын өзүн өзү көрсөтүү жолу менен сунушталышы мүмкүн.
Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө соттолгондугу жок, Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жараны талапкер боло алат. Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:
1. Коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин жана администрациялык ведомствонун жетекчилиги (жетекчиси же анын орун басарлары) менен жакын туугандык мамиледе болбошу;
2. Коомдук кеңеш түзүлүп жаткан ошол министрликке жана администрациялык ведомствого тикелей көз каранды болбошу (лицензияны алуучу, контракттын негизинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жана у.с.);
3. Мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болбошу;
4. Кынтыксыз иштиктүү кадыр-баркка ээ болушу;
5. Тиешелүү министрликтин жана администрациялык ведомствонун ишин жакшыртуу боюнча көрө билүүсү, идеялары же сунуштары болушу;
6. Коомдук ишти активдүү жүргүзүшү, жарандык демилгелер тажрыйбасына ээ болушу.
Сынакка катышуу үчүн талапкер комиссияга төмөнкү документтерди тапшырышы керек (басылып чыккан форматында жөнөтүү сунушталат):
1. Жарандын өзүн өзү көрсөтүүсү жөнүндө арызы же юридикалык жактын же болбоco жарандар бирикмелеринин же юридикалык жактардын алардын негизинде бул талапкер Коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн сунушталган жүйөлөрү менен талапкерди тиешелүү Коомдук кеңештин курамына киргизүү жөнүндө комиссияга даректелген катты;
2. Сынакка документтерди бергенге чейин 6 айдан эрте эмес жасалган фотосүрөтү менен өмүр баяндык маалыматтарын (таржымалын) көрсөтүү менен талапкердин билими, кесипкөй иш тажрыйбасы жана коомдук иши жөнүндө маалыматтарды;
3. Талапкердин Коомдук кеңештин ишине катышуусунда өзүнүн көрө билүү сыпаттамасын;
4. Экиден кем эмес сунуштама катты.
Сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу бул кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде жүзөгө ашырылат:
1. Почта дареги: 720003, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 (“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө” деген жазуусу менен)
же электрондук почта (PDF форматында көлөмү 5 МВдан ашпаган бир файл түрүндө жөнөтүү сунушталат): jumaliev@mail.gov.kg (“конкурска” деген жазуусу жана конкреттүү мамлекеттик органды белгилөөсү менен).
Коомдук кеңештерге шайлоо үчүн мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келбеген документтерди тапшырган талапкерлер комиссиянын чечими менен сынакка киргизилбейт.