Дастан Бекешев: "Маданият министри эч бир чиновниктин тууганы болбошу керек"

Бүгүн, 19-сентябрда “Ар-намыс” фракциясынан отурумунда маданият, маалымат жана туризм министри кызматына талапкер шайланат. Фракциянын лидери Феликс Кулов: “Биз бул маселени көпкө созо албайбыз. Ошондуктан бүгүн тез арада бир чечимге келишибиз керек”,- деди. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, маданият министри кайсы бир чиновниктин тууганы болбош керек. “Эгер мындай болуп калса, биздин фракциябыз коомчулук тарабынан катуу сынга алынат. Мындан тышкары бул министр экономикалык тармакты да жакшы түшүнүшү зарыл”,- деди эл өкүлү.

Башка "ар-намысчы" депутат Бөдөш Мамырова: “Маданият, маалымат жана туризм министринин бир гана чыгармачыл адам болушу жетишсиз. Талапкерлердин арасында ырчылар көп болууда. Бирок бул министрлик бир гана маданият эмес, туризм жана маалымат тармактарын көзөмөлдөйт”,- деп өз пикири менен бөлүштү.

Айта кетсек, аталган министрликтин мурунку башчысы Камила Талиева 16-сентябрда кызматынан бошотулган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан