Бишкектеги №25-мектептин имараты сүрдүрүлгөн жер тилкеси коммерциялык максатта пайдаланылбайт. Муну өкмөттүн маалымат кызматы 19-сентябрда билдирди. Буга чейин өкмөткө аталган мектептин окуучуларынын ата-энелеринен мектеп тегерегинде түзүлгөн абалды түшүндүрүп берүү иретинде кайрылуу кат келип түшкөн.
"Аталган мектеп Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүндө жайгашып, үч корпустан турат. Техникалык паспортко ылайык, имараттын №1 жана №3-бөлүгү 1952-жылы салынган, ал эми №2-бөлүгү 1968-жылы курулган. Имарат конструкциясын карап чыгууда ички дубалдын кыштары бузулгандыгы, спортзалдан жарака чыгуусу, имараттын тышкы шыбагынын түшүүсү, тосмолордун бузулушу жана башка кемчиликтер аныкталган. Буга байланыштуу Ленин райадминистрациясынын 2013-жылдын 3-июлундагы буйругу аркылуу №25-орто мектептеги окуу процесси токтотулган. Учурда мектеп имараты иштебейт, окуучулар жана мугалимдер убактылуу №74-мектептин имаратына которулган. Мындан соң Бишкек мэриясынын 2014-жылдын 28-мартындагы буйругу аркылуу тармактык маморгандар адистеринен турган комиссия түзүлүп, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде мектеп имаратын түртүрүү чечими кабыл алынган",- деп билдирет өкмөттүн аппараты.
Аталган мектептин имараты сүрдүрүлгөн жер тилкеси коммерциялык максатта пайдаланылары тууралуу ата-энелердин кооптонуусу негизсиз экени айтылды.