Уюштуруучулардын отчёту: "Көчмөндөр оюндарын уюштурууда койгон максаттарыбызга жеттик"

Бүгүн, 19-сентябрда КРнын Өкмөт үйүндө жакында Чолпон-Ата шаарында аяктаган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча жыйын болду. Ага КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, КРнын Президентинин аппаратындагы каржы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алмаз Азимов, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча түзүлгөн секретариаттын жетекчиси Руслан Бекболотов жана Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов катышты.  
Жыйындын катышуучулары бир ооздон Бүткүл дүйнөлүк оюндардын уюшулуусу жана өткөрүлүүсү өз максатына жеткенин айтышты. "Тилекке каршы, буга чейин Кыргызстан 2 ирет төңкөрүш жасап, дүйнөгө белгилүү болгон. Бул жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу жакшы саамалыкты уюштуруу менен дүйнө элинин көңүлүн бурдуруп, өнүгүүгө карай умтулуп жатканыбыздан кабар бердик",- деди өз сөзүндө Сапар Исаков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан