Максат Чакиевди маданият министри кылууну "ар-намысчы" 5 депутат колдоп жатат

Бүгүн, 19-сентябрда "Ар-намыс" фракциясынын депутаттары маданият, маалымат жана туризм министри кызматына сунушталган талапкерлер менен таанышууда. Башында 13 талапкер коюлган. Бирок алардын экөөсү Садык Шер-Нияз жана Исирадин Аманбаев чиновниктердин туугандары болгондуктан, талапкерлердин тизмесинен алынганы айтылды. Мындан тышкары дагы 3 талапкер: Кубат ОторбаевКайрат Иманалиев жана Мукталы Бектеналиев министр болуудан баш тартышкан
Учурда маданият министри кызматына жалпысынан 8 талапкер сунушталууда. Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев фракцияда мыкты колдоого ээ болуда. Аны "Ар-намыс" фракциясынын 5 депутаты: Д.Бекешов, Б.Маматов, А.Алтыбаева, Т.Левина жана К.Рыспаев маданият министри кызматына жактырышууда. Башка талапкер, Улуттук китепкананын башчысы Жылдыз Бакашованы бир гана "ар-намысчы" Каныбек Осмоналиев сунуштап жатат. Калгандары ыктыярдуу талапкерлер болуп саналууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан