Максат Сабиров: "Республика" фракциясынан чыгып кеткен айрым депутаттар кайра кошулушту"

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясы өзүнүн катарынан чыгарган депутаттык топторду кайра катарына кошту. Бул тууралуу фракция лидери Максат Сабиров бүгүн, 19-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, фракция катарына кошулгандар мурункудай депутаттык топ боюнча эле калышат, бирок “Республика” фракциясынын ичинде болушат.  

Буга чейин фракциядагы депутаттар өздөрүнчө депутаттык топ түзүп, айрымдары партия түзүп фракциянын катарынан чыгып кетишкен болчу. Ал боюнча фракциянын чечими бар. Эми депутаттык топтор кайрадан катарыбызга кошулду. Алар топ боюнча калышат, бирок фракциянын ичинде болушат. Бул тууралуу 17-сентябрда атайын келишимге кол койдук. Ал эми буга чейин 12 депутат бар эле, азыр фракцияда 15 депутат болдук”,- деди Сабиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан