Уюштуруучулар: "Көчмөндөр оюндарына катышкан мамлекеттердин президенттерин кабыл алууну максат кылган эмеспиз"

"Көчмөндөр оюндарына катышкан мамлекеттердин президенттерин кабыл алууну максат кылган эмеспиз" деди бүгүн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу жыйындын жүрүшүндө президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков. 
Анын айтымында, мындай эл аралык саамалык Кыргызстанда өтүп жаткандыктан, өлкө башчысы бардык кесиптештерине чакыруу жиберет. "Биз бардык президенттерге чакыруу жолдогонбуз. Бирок Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан убакта башка мамлекеттердин өлкө башчыларынын убактысы тар экенинен кабарыбыз болгон. Билсеңиздер, бул учурда бир катар өлкө башчылары Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына катышууга аттанып жатышкан. Ошентсе да Азербайжан, Түркия жана Казакстандын президенттерине ыраазычылык билдиребиз, анткени Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча сунушту ошол кишилер алгач колдоого алышкан. Уюштуруучулардын максаты өлкө башчыларын кабыл алуу эмес, абройлуу ММКлар аркылуу оюндун деңгээлин дүйнөгө көргөзүү болду",- деди ал.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан