"Кримтөбөл" Азиз Батукаевдин ишин кайрадан иликтөө үчүн атайын топ түзүлөт

Ички иштер министрлиги "кримтөбөл" Азиз Батукаевдин ишин кайрадан иликтөө үчүн атайын топ түзөт. Бул тууралуу ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев бүгүн, 19-сентябрда “Ата Мекен” фракциясынын отурумунда айтты. Депутат Туратбек Мадылбеков “Батукаевди бошотууга катыштыгы барларды жоопкерчиликке тарта аласызбы?” деп суроо берди эле, Турганбаев “Бул багытта атайын иштер жүргүзүлөт. ИИМде Батукаевдин бошотулушу боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн топ түзүлөт” деп билдирди.

Айта кетсек, "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев 2013-жылдын 9-апрелинде Нарындагы абакта отурган жеринен сот аркылуу бошотулуп, өлкөдөн сыртка чыгып кеткен. Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жаткан кезде ошол учурдагы КРнын Вице-премьер-министри Шамиль Атаханов өз каалоосу менен арыз жазып, отставкага кеткен. Ушул эле окуяга катыштыгы бар деп айтылып жаткан акыйкатчы Турсунбек Акун боюнча ЖК өткөн жылы 27-июнда токтом кабыл алып, ал кызматынан четтетилген. 2014-жылдын 23-майында Азиз Батукаевге издөө жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан