Садык Шер-Нияз маданият министрине талапкер тандоо тартибине нааразы

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкерлигин сунуштап, кайра алып салган Садык Шер-Нияз талапкерди тандоо тартибине нааразы. Муну ал 19-сентябрда ММК өкүлдөрүнө билдирди. "Ар-намыс" фракциясы бүгүн аталган кызматка талапкер тандоодо. Садык мырза талапкерди тандоо процессине адилеттүү болбой жатканын айтат. "Мен депутаттын бир тууганы болгонум үчүн талапкер катары тизмеден алынганымды айтышууда. Эмне үчүн сынак жарыялап жатканда бул тууралуу айтышпайт? Бул сынак эмес, фарс. Бул адилеттүүлүкпү?"- дейт Шер-Нияз. 
Айта кетсек, Садык Шер-Нияз парламент депутаты Болот Шердин бир тууганы. Дагы бир талапкер Исирадин Аманбаев депутат Урмат Аманбаеванын жана акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин бир тууганы болгону үчүн тизмеден чыгарылган эле.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан