Маданият министрлигине талапкер Урмат Усенов депутаттарга өзүнүн пландарын айтып берди. Феликс Кулов аны мактады

Бүгүн, 19-сентябрда “Ар-намыс” фракциясынын отурумунда маданият, маалымат жана туризм министри кызматына талапкер, ырчы Урмат Усенов депутаттарды өзүнүн программасы менен тааныштырды.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда мектептердеги окуу программасында окутуунун советтик элементтери сакталган. “Окуу жайларда гана эмес, жалпы өлкөбүздө ар түрдүү маданияттардын кагылышы орун алгандыгына күбө болуп жатабыз. Ошондуктан өзүбүздүн маданиятыбызды сактап, аны өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды түзүп беришибиз керек”,- деди Усенов.

Андан соң талапкер тил маселесине токтолуп, китептердин электрондук варианттарын чыгарууну сунуштады. “Кыргызстанда окуучуларга планшеттерди алып берүү мүмкүн. Кыргыз элинин руханий баалуулуктарын пропагандалоо максатында ушул темадагы китептердин электрондук түрлөрүн чыгара баштасак, жаштарыбыз өздөрү кызыгышып, аларды окуй башташат”,- деп түшүндүрдү ал.

Кинематография боюнча да өз пикирин билдирди ырчы. “Өлкөбүздө жыл сайын жүздөн ашык тасмалар тартылып жатат. Жакшы тарбия берген жана оң таасир тийгизген тасмаларды чыгарууга режиссёрлорго түрткү жасаш үчүн сыйлыктарды уюштурууну туура деп ойлойм”,- дейт ал.

“Туризм тармагын өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Өлкөбүздүн аймагында туристтерге кызыктуу тарыхый объектилерибиз көп. Ошол эле учурда тейлөө кызматы начар болууда. Бул кызматта жаштар убактылуу эле иштешет. Ошондуктан тейлөө кызматын өнүктүрүүдө тиешелүү шарттарды түзүү жана анын сапатын жогорулатуу зарыл”,- деп кошумчалады Усенов.
Урмат Усенов өз баяндамасын айтып берген соң "Ар-намыстын" лидери Феликс Кулов аны мактады. "Усенов бир гана ырчы эмес, ал мыкты уюштуруучу, парламенттик шайлоолорго да катышып келет. Биздин жаштар өз ата-энелеринин жардамы менен гана өсүп келе жатышат. У.Усенов өзүнүн күчү менен атын белгилүү кылган. Кошумчалай кетсем, ал биздин партиянын мүчөсү",- деди Кулов.
Урмат Усеновду депутаттар Феликс Кулов жана Дастан Бекешов макташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан