“Ата Журт” фракциясы Сотторду тандоо кеңешине 4 талапкер тандады

Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясы бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Сотторду тандоо кеңешине парламенттик оппозициядан талапкерлерди сунуштоо маселесин карады. Жыйында добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу фракциянын эсептөө комиссиясынын төрагасы, депутат Дастан Жумабеков маалымат берди.

Ага ылайык, кароого келип түшкөн 15 талапкерден Гүлжамал Жумагулова, Канымбүбү Карабаева, Нурлан Кенжебаев жана Максат Шамилов тийиштүү добуш алуу менен “Ата Журт” фракциясынан Сотторду тандоо кеңешине талапкер катары аныкталышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан