Шотландияда 18-сентябрда к
өз карандысыздык үчүн өткөн референдумда шотландиялыктардын 45 пайызы гана "ооба" деп добуш беришти, аймак Улуу Британиянын курамында калды. Ал эми шотландиялыктардын дээрлик 55 пайызы падышалыктын курамында калуу үчүн добуштарын беришкен. Жалпысынан жашоочулардын 80 пайызы референдумга катышкан. Бул тууралуу 19-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Референдумдан кийин Бириккен падышалыктын премьер-министри Шотландия, Уэльс, Англия жана Түндүк Ирландияга берилген ыйгарым укуктар көбөйтүлөрүн айтты.
Эске салсак, кечээ, 18-сентябрда референдум өтүп, анда шотландиялыктар “Шотландия көз карандысыз мамлекет болушу керекпи?” деген суроого жооп беришкен.