Мелис Турганбаев "өлкөдө кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылгандар катуу жазаланат" деди

"Ата Мекен" фракциясынын 19-сентябрдагы отурумунда ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев "өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылгандар катуу жазаланат" деп билдирди. Турганбаев ИИМдин негизги багыттарынын бири кызматтык кылмыштуулук менен күрөшүү болорун белгиледи. 
"Ведомстволор ортосундагы кызматташтык аркылуу өлкөнүн туруктуулугун сакташыбыз керек. Демократиялык өлкөдө ар бир адам өз оюн эркин айтууга укуктуу. Бирок өлкөдөгү туруктуулукту бузууга аракет кылгандарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт",- деди Турганбаев. 
Айта кетсек, ИИМдин башчылыгына Турганбаевдин талапкерлигин "Ата Мекен" фракциясы жактырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан