Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына сунушталып, өз баяндамаларын окуп берген 8 талапкердин үчөөсү 2-турга өттү. Бул тууралуу журналисттерге “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев билдирди. “2-турга ырчы Урмат Усенов, Улуттук китепкананын башчысы Жылдыз Бакашова жана режиссёр Алтынбек Максүтов өтүштү”,- деди ал.
Анын айтымында, аталган фракция маданият министри кызматына жалгыз талапкер ким болорун саат 15:00 чамасында чечет.