Кыргызстанда оор кылмыш кылгандарды 25 жылга чейин түрмөгө отургузуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясында 19-сентябрда кылмыш түрлөрү боюнча кылмыш жоокерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтүн узартуу үчүн иштелип чыккан мыйзам долбоору каралды. Ал үчүн Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Өмүрбек Текебаев.

Баяндамачы мурда “коррупция”, “мамлекеттик чыккынчылык”, “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын эскирүү мөөнөтү шашылыш алынып салынганын, эми эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн кайрадан карап чыгуу зарылдыгы жаралганын билдирди. “Ошондон улам жеңил кылмыштарга 3 жыл, анча оор эмес кылмыштарга 5 жыл, оор кылмыштарга 15 жыл, өтө оор кылмыштарга 25 жыл эскирүү мөөнөтү сунушталууда”,- дейт Текебаев.

Талкуу жыйынтыгында фракция мүчөлөрү мындай чаралар жарандардын жоопкерчилигин жогорулатарын айтып, мыйзам долбоорун колдошту.

Белгилей кетсек, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин азыркы нормалары боюнча жеңил кылмыштарга 1 жыл, анчалык оор эмес кылмыштарга 3 жыл, оор кылмыштарга 7 жыл, өтө оор кылмыштарга 10 жыл эскирүү мөөнөтү каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан