Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясында 19-сентябрда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. Демилгечи – депутат Өмүрбек Текебаев.
"Ата Мекендин" лидери Кылмыш-жаза кодексинин "уюшкан кылмыштуу топтор" беренесине анын мүчөлөрүнүн ал топто ээлеген ордун белгилөө, ошого жараша 5 жылдан 10 жылга чейин жаза чарасын кароо, аларды кылмыш жасагандыгы аныкталбаса деле дароо камакка алып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталып жатканын билдирди.
"Анткени адамдардын уюшкан кылмыштуу топко мүчө болушунун өзү кылмыш. Эгер адам УКТда башчылык орунду ээлесе, мүлкү тартылып алынуу менен 15-20 жылга же өмүр бою эркинен ажыратылат. Ал эми кылмыш аракеттерин координациялоо укугуна ээ жактар кылмыш тобундагы өзгөчө макамга ээ болгон адамдар деп табылат",- деди депутат.
Талкууда ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев мыйзам долбоорун колдой турганын айтты.
Демилге фракцияда жактырылды.