Алмазбек Атамбаев "Кыргыз жана Кара хандар каганаттары: көөнөрбөс издер" аттуу конференциянын катышуучуларын куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-сентябрда "Кыргыз жана Кара хандар каганаттары: көөнөрбөс издер" III эл аралык илимий конференциянын катышуучуларын жана меймандарын куттуктады. Муну президенттик аппараттан билдиришти. Куттуктоодо булар айтылат:

“Эл аралык конференциянын урматтуу катышуучулары! Ардактуу меймандар!

Меймандос кыргыз жергесине кош келипсиздер!

Улуу Кыргыз каганатынын тарыхын, жалпы адамзат цивилизациясына кошкон салымын иликтөө максатында уюшулган эл аралык илимий жыйынга жыл сайын дилгирлик менен катышканыңыздарга ыраазычылык билдирем.

Евразиянын белгилүү илимпоздору кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө байланыштуу соңку илимий табылгаларын ортого салып, кеңири коомчулукка жарыялап жаткандыгы жакшы саамалык.

Өткөн тарыхыбызды билбей туруп, татыктуу келечекти куруу мүмкүн эмес. Ошондуктан сиздердин кыргыз таануу жаатындагы илимий эмгегиңер – тагдырлаш, боордош элдер жана коңшу өлкөлөр менен эриш-аркак гүлдөп-өнүккөн заманбап кыргыз мамлекетин куруу үчүн абдан маанилүү.

Евразиянын кең мейкиндигинде сакталып келген кыргыз элинин кылымдарды карыткан байыркы тарыхый, маданий мурасын биз эл аралык шериктештерибиз, досторубуз менен тыгыз кызматташуу аркылуу гана ар тараптан терең иликтей алабыз.

Эл аралык жыйындын Улуу Кыргыз кагандыгына эле эмес, жалпы түрк элдеринин тарыхына көөнөргүс из калтырган Кара хандар дөөлөтүнө арналгандыгы тектеш, бир тууган элдер менен орток тарыхыбызга карата аяр мамилебизди айгинелейт. Бабаларыбыздын басып өткөн даңазалуу жолу элдердин ынтымагын жана өз ара ишенимин бекемдеп, биримдикте өнүгүүнүн өрнөгүн көрсөтөт.

Келерки жылы кыргыз жергесинде туулуп-өскөн даңазалуу ойчул, акын жана мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын бабабыздын 1000 жылдыгын белгилөө боордош элдер менен маданий, рухий байланышыбызды чыңдап, андан ары тереңдетүүгө өбөлгө болору шексиз.

Кыргызстанда башталган жакшы саамалыкты улантып, мындан ары да байыркы мурастарды сактоо жана тарых илимин өнүктүрүү жаатында эл аралык илимий кызматташууну бекемдөөгө олуттуу салым кошо бересиздер деп терең ишенем.

Баарыңыздарга чыгармачыл ийгиликтерди каалайм. Эл аралык илимий жыйындын жемиштүү өтүшүнө тилектешмин".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан