Абдырахман Маматалиев менен Мелис Турганбаев “Коопсуз шаар” долбоорун талкуулайт

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев менен “Коопсуз шаар” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда өкмөт жыйынында вице-премьер өзү билдирди. Анын айтымында, Ички иштер министрлиги күч блогундагы башка министрликтерге салыштырмалуу 2014-жылга эң көп милдеттерин койгон. "Ошол эле учурда ИИМ ушул жылга койгон милдеттерин эң көп аткарбаган мекеме да болуп саналат. Буга мекеменин министри алмашканы себеп болууда. Эми ИИМдин жаңы башчысы менен аткарылбай калган милдеттерди аткаруу мөөнөтүн талкуулап чыгам. Мындан тышкары “Коопсуз шаар” долбоору боюнча да талкууларды жүргүзөм”,- деди Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан