Кыргызстанда Катардын дипломатиялык өкүлчүлүгү ачылат

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Мохамед бин Арар аль-Наимини кабыл алды. Жээнбеков акыркы жылдары эки тараптуу мамилелер активдеше баштаганын билдирди. "Кыргызстан Катар мамлекети менен кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар, мындан улам сиздердин өлкөгө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу маселеси каралууда",- дейт төрага.

Элчи өз өлкөсүнүн Кыргызстан менен кызматташууну чындоого даяр экенин белгиледи. Төрагага ушул жылы Катардын бир катар жогорку кызматтарындагы өкүлдөрү, анын ичинде Катардагы Кызыл Жарым Ай уюмунун Башкармалык кеңешинин башчысы, доктор Мухаммад бин Ганим аль-Али, Катардын Маалымат агенттигинин директору жана инвестиция кылуу үчүн келечектүү багыттарды иликтөө максатында катар инвестициялык фонддорунун жетекчилери Кыргызстанга иш сапары менен келе тургандыгын маалымдады. Ошондой эле учурда кыргыз-катар мамилесин чындоого багытталган түрдүү тармактагы эки тараптуу келишимдер макулдашуу алдында турганын баса белгиледи. 

Жолугушууда парламенттер аралык байланышты өнүктүрүү жана ар кыл деңгээлдеги эки тараптуу визиттерди уюштуруу жаатында да пикир алышуу болду.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан