Бишкектиктер бир аптада электр энергиясы боюнча тийиштүү кызматка көп кайрылышты

12-сентябрдан 19-сентябрга чейин Бишкек мэриясынын “185” ыкчам чара көрүү кызматына 165 кайрылуу түштү. Алардын 75и каттоого алынып, 52 кайрылуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлдү. Бул сан кайрылуулардын 69 пайызын түзөрүн бүгүн, 19-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Кайрылуулардын көпчүлүгү электр энергиясы, шаардын санитардык тазалыгы, көрктөндүрүү жана көчөлөрдү жарыктандыруу маселелери боюнча болгону айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан