Маданият министрлигине талапкер Алтынбек Максүтов: "Министрликти өнүктүрүүгө 25 жыл топтогон тажрыйбамды жумшайм"

“Ар-намыс” фракциясы бүгүн, 19-сентябрда маданият, маалымат жана туризм министрлигине Алтынбек Максүтовду тандап алды. Максүтовдун айтымында, учурда маданият тармагындагы көйгөйлөр каржы маселесин чечип берүү менен чектелбейт. “Ишти өкмөт, маданият тармагы менен таанышуудан баштайм. Көйгөйлөрдүн баарын көрүп чыгып, маселени ордунан чечиш керек. Сөз түрүндө эмес, иш жүзүндө аткарууга аракет кылам. Азыр каржы жагынан акча бөлүп берип, бул тармакты көтөрөбүз дегенден алысмын, анткени бизде бюджет тартыштыгы бар. Эң негизгиси, биздин маданият ишмерлеринин аң-сезимин ойготуу керек. Себеби маданият дайыма алдыда жүрүшү зарыл. Буга чейин көп чыгармачылык иштерди жасап келгем, өзүмдүн жаштардан турган тобум бар. Маданият тармагында менеджмент, маркетинг жагы жетишпейт. Бул багытка заманбап техникаларды колдонуу шарт. Анын баарын мен өзүм колдонуп, билип жүрөм. Азыр филармонияда дагы жаңыча иштөө системин колдонуп келем. Министрликти өнүктүрүүгө 25 жыл топтогон тажрыйбамды жумшайм”,- дейт Максүтов. 

Маданият министрлигине талапкер Алтынбек Максүтов: "Министрликти өнүктүрүүгө 25 жыл топтогон тажрыйбамды жумшайм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан