Бишкекте 22-26-сентябрь күндөрү "Балдардын өмүрүн сактоо үчүн коопсуз кан" аттуу акция өтөт. Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин билдиришинче, Кыргызстанда Кан донору күнү 1997-жылдан бери, сентябрь айынын акыркы жекшембисинде белгиленип келет. Иш-чараны Республикалык кан борбору уюштуруп, салтанаттуу ачылышы 25-сентябрь күнү саат 10:00дө И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдында болот. Уюштуруучулар бардык каалоочуларды катышууга чакырат.