Тайырбек Сарпашев өлкөдөгү акимдер менен жолугушуу өткөрөт

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өлкөдөгү район акимдери менен жолугууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрдагы өкмөт жыйынында ал өзү билдирди. Анын айтымында, жолугушууларда 9 айдын ичинде аткарылган иш боюнча жыйынтыктар талкууланат. Мындан тышкары ал өкмөттүн облустардагы бардык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн иши боюнча негизги көйгөйлүү маселелер бар экенин баса белгиледи. “Иш өтүп жатканда мониторингдин жүргүзүлбөгөндүгү жана пландын айрым милдеттеринин жай аткарылып жаткандыгы аталган өкүлчүлүктөрдүн негизги маселелери болуп саналат”,- деди биринчи вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан