Өкмөт башчы Бажы биримдигине кирүү боюнча долбоорлорду талкуулоону кийинки аптага жылдырды
Бүгүн, 19-сентябрда КРнын Өкмөтүнүн жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бажы биримдигинин келишимдик-укуктук базасы боюнча өкмөттүк чечимдердин долбоорлорун талкуулоону кийинки жыйынга жылдырды. Айта кетсек, бул маселе боюнча экономика министри Темир Сариев баяндама даярдап, окуп бериши керек болчу. Мындан тышкары, бүгүнкү күндүн тартибине ылайык, ал 2014-жылдын 1-жарым жылдыгында мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыгы жөнүндө айтып берген.