Мамлекеттик бажы кызматында кыргыз тил бөлмөсү ачылды

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында 19-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнүн 25 жылдыгына карата кыргыз тил бөлмөсүнүн ачылышы болду. Иш-чарага Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Масабиров, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жана өкмөт өкүлдөрү катышты. Масабиров “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” дегендей, кыргыз элинин тарыхы – биздин элибиздин тарыхы. Андыктан тил маселеси мамлекетибиздин орчундуу негизги багыттарынан болуп келүүдө. Биз өз тилибизди өнүктүрүүгө милдеттүүбүз” деп белгиледи.

Мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча аткарылган иштер тууралуу Котормо бөлүмүнүн өкүлү баяндама жасады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан