Телеканалдардын биринде 18-сентябрда партиялык тизме аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартибин өзгөртө турган мыйзам долбоору кызуу талкууланды. Демилгечи депутат
Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорунун негизги артыкчылыгы айыл жеринде кадыр-баркы жогору, күчтүү аймактык лидерлердин парламентке депутат болуп шайланышына жол ачуу, партия лидеринин укугун чектөө, күчтүү партиялардын калыптанышына чыйыр салуу экенин айтты.
"Тизмеде 120-болуп турганына карабай элдин колдоосуна ээ болгон талапкер парламентке депутат болуп келсин деп жатабыз. Мурункудай эптеп партиянын алдынкы сабына кирип алып депутат болгусу келгендерди токтотолу дейбиз. Күчтүү кадрларды парламентке депутат кылып шайлоо процессине эл өзү катышсын деп жатабыз",- деп билдирди Текебаев.
Программа учурунда залдагы көрүүчүлөрдүн бири, кайсы бир партиянын мүчөсү экенин айтып, Текебаевге мындай суроо узатты: "Сиз көп жылдан бери саясатта жүрөсүз, абийириңизди ойготуп жаштарга орун бошотуп бербейсизби? Мен чет өлкөдөн окуп келгем..."
Буга "Ата Мекендин" лидери минтип жооп кайтарды: "Угуп тур, чет өлкөдө окусаң. Мен айылда окугам, колхозчунун баласымын. Мени 30 жашымда эл депутат кылып шайлаган. Ошондон бери мени, атамды билген адамдар 25 жыл мага добуш берип жатат, ошон үчүн мен шайланып келип отурам. Мынакей сенин партияң, лидериң экөөңөр отурасыңар. 50гө чыгып калды лидериң, сен 34тө экенсиң. 1 пайыз эл силерге добуш бербей жатат го? Кантип мен силерге бошотуп басып кетем? Систем ушундай, эл мага добуш бербей, силерге добуш берсе кетип калалы деп жатабыз. Ошондой систем менен жер-жерлерден чыксын деп жатабыз. Чет элден окуп келдим деп эле сүйлөй берген болбойт. Айылдан чыккан жакшынакай патриот жигиттер бар. Эл колдойт аларды, элге жакын болуш керек".