Мугалимдердин айлыгын көбөйтүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун биринчи отуруму 22-сентябрда болот

Кыргызстанда мугалимдердин айлыгын жогорулатуу маселесин иликтөө үчүн түзүлгөн жумушчу топтун биринчи отуруму Жогорку Кеӊеште 22-сентябрда болот. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Тийиштүү тапшырмага ылайык, жумушчу топ мугалимдердин маянасынын айланасында болуп жаткан көйгөйлөрдү 2014-жылдын 6-октябрына чейин иликтеп чыгуусу шарт. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин кароосуна билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү боюнча маселе киргизет. 
Эске салсак, 2014-жылдын 16-сентябрында парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети менен Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин биргелешкен жыйынынын аягында жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган. Жумушчу топтун курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын кызматкерлери кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан