Президент Алмазбек Атамбаев ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

20-сентябрь Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин күнү катары 2000-жылдан тарта белгиленип келет. Өкмөттүн ошол жылдын 20-октябрындагы токтомуна ылайык, ишкерлердин өлкө экономикасынын өнүгүүсүндөгү ээлеген орду, мааниси эске алынып, аларга колдоо көрсөтүү максатында ушул күн белгиленген. Президент Алмазбек Атамбаев ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу ишкерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Ишкерлер күнү менен куттуктайм!

Кыргызстандын эгемендик жылдарында ишкерлер коомубузга жана мамлекетке жакшы милдет өтөштү. Ишкерлер өзгөрмөлүү финансылык рыноктун, катуу атаандашуунун шарттарында жана өлкөдөгү ички саясий окуяларга байланыштуу татаал мезгилди баштан кечирди. Мезгил сыноолоруна кайраттуулар гана туруштук бере алышты. Бүгүн сиздер өлкөнүн экономикасынын кыймылдаткыч күчүнө айланып, жаңы жумушчу орундарды түзүп, бюджетти толуктап жатасыздар.

Кыргызстанга мыкты уюштуруучулар, чечкиндүү новаторлор, таза иштеген, социалдык жоопкерчиликтүү бизнес жасаган ишкерлер керек. Бүгүн мамлекет ишкердикке кеңири жол ачууга умтулуп жатат.

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртуу, жеке менчикти коргоонун укуктук негиздерин бекемдөө жана мыйзамдуу экономиканы чыңдоо боюнча маанилүү милдеттер тагылган.

Мамлекет ишкерлерди колдоого, инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоого тийиш. Биргелешип биз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө күчтүү дем бере алабыз.

Биз Бажы союзуна кошулууга даярдык көрүп жатабыз. Бизнесибиз, экономикабыз ушул тушта чоң сыноодон өтөрү шексиз. Кыргызстандын ишкерлери өлкөбүз ийгиликтүү өнүгүп, алдыга өсүш үчүн бардык күч-аракетин жумшайт деп ишенем.

Кыргызстан ишкерлери ырааттуу өнүгүп, улам жаңы бийиктикти багынтышына тилектешмин. Баштаган бизнес-долбоорлоруңуздар ишке ашсын. Ишиңиздерди ийгилик коштосун! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм! Кыргызстанбыз тынчтыкта, биримдикте гүлдөп-өнүгө берсин!" 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан