Биометрикалык маалымат чогултуу боюнча 465 айылда штабдар иштеп жатканы айтылды

Өкмөттүн 19-сентябрдагы жыйынында Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү боюнча жасалып жаткан иштер талкууланды. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикованын айтымында, биометрикалык маалыматтарды чогултуунун стационардык жана мобилдик пункттары иштеп жатат. “Биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн 2045 адамдан турган операторлордун саны такталган. Окутуунун биринчи баскычы жүргүзүлүп, 50 машыктыруучу даярдалган. Бүгүнкү күндө 1605 адам өз биометрикалык маалыматын тапшырган. Сентябрдын соңуна дейре борбордук мамлекеттик органдардын биометрикалык маалыматын каттоо жана өлкө аймактарында массалык чогултуу ишин жүргүзүү пландаштырылууда",- деди Шаикова. Республика боюнча 15 министрликте, эки комитетте, 12 мамлекеттик кызматта, беш фонддо, 4 агенттикте, 7 облуста, 14 шаарда, 44 райондо жана 465 айыл аймагында штабдар түзүлгөнү айтылды. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев калк арасында биометрикалык маалыматты чогултуу жөнүндө түшүндүрүү ишин күчөтүүнү тапшырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан