Кечээ, 19-сентябрда өкмөттүн жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматы аймактардагы бардык пенсионерлердин биометрикалык маалыматтарын 1 айдын ичинде чогулта аларын белгиледи. Анын айтымында, пенсионерлер почтага өзүлөрүнүн пенсияларын алуу үчүн келгенде алардын бардык маалыматтарын алып калуу мүмкүн.