Быйыл октябрда облус башчылары, Бишкек жана Ош шаарынын мэрлери өкмөттө отчёт беришет. Муну өкмөттүн 19-сентябрдагы жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. “Дүйшөмбү күнү вице-премьер-министрлер жана өкмөт мүчөлөрү, облус кураторлору абалды жеринде иликтөө үчүн аймактарга чыгышат. Алардын корутундулары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөр менен Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин сунуштаган отчётторунун жыйынтыгы боюнча алардын ишмердүүлүгүнө баа берилет",- деди өкмөт башчы. Оторбаев билдиргендей, 9 айдын жыйынтыгы боюнча октябрь айында ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин иш пландарынын аткарылышы боюнча өзүнчө өкмөт жыйыны өтөт.