Жогорку Кеңеш тарабынан өкмөткө жөнөтүлгөн 191 токтомдун 161и аткарылды

Жогорку Кеңеш тарабынан өкмөткө жөнөтүлгөн 191 токтомдун 161и аткарылды. Мындай маалыматты кечээ, 19-сентябрдагы жыйында төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаров билдирди.

“ЖКнын 5-чакырылышы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү тапшырмалар менен жалпысынан 191 токтом жөнөтүлүп, анын ичинен 161 токтому аткарылды. 30 токтом бүгүнкү күндө аткарылуу алдында турат. Ал эми башка мамлекеттик органдарга ЖКнын 42 токтому аткарууга жиберилип, анын ичинен 39 токтому аткарылып, 3 токтому аткарылууда. Мындай көрүнүш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин ийгиликтүү иш алып баруусунун жана Жогорку Кеңештин төрагасынын ишти катуу көзөмөл жүргүзүүсүнүн натыйжасында келип чыккан”,- деди ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан