Кечээ, 19-сентябрда Бишкек шаарынын Келечек жаңы конушунда 28 жаштагы Нургазы аттуу жаран өз үйүнөн унаасын артка айдап чыгып бара жатып бир жарым жашар кызын тебелеп кеткен. Бир жарым жаштагы Рахима ошол жерден жан берген. Бул тууралуу 20-сентябрда Бишкек ШИИББинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул кырсык боюнча чогултулган бардык материалдар Бишкек шаардык тергөө башкармалыгынын жол кырсыктарын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.