Ала-Букада чек арага чектеш 19 айыл болсо, анын бири гана атайын статуска ээ

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда чек арага чектеш 19 айыл болсо, анын бири гана атайын статуска ээ. Муну аймакка иш сапары менен барган парламент депутаттарына район акими Алымкул Кулуев билдирди. Аталган райондо жалпы 41 айыл бар. "Көк-Таш айылы гана чек арага чектеш жайгашкан айыл статусуна ээ, чек ара маселеси биздин райондо да актуалдуу боюнча турат",- дейт аким. Чек ара маселесинен башка ала-букалыктар жерлерди трансформациялоону, суу сактагычтарды куруу, жолдорго асфальт төшөө, авариялык мектептерди оңдоо боюнча маселе көтөрүшкөнү айтылды. ЖКнын басма сөз кызматынын билдиришинче, Ала-Букага депутаттар Чыныбай ТурсунбековИрина КарамушкинаАбдыманап Кутушев жана башкалар барып келишти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан