Премьер-министр Жоомарт Оторбаев "Реформа үчүн жана жыйынтык" жарандык коомунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы 22-сентябрда билдиргендей, жолугушууда ички иштер органдарын реформалоо, калктын милицияга карата ишеничин көтөрүүгө зарыл болгон биринчи кадамдар талкууланды. Жарандык коом менен ички иштер органдарынын кызматташтыгы тууралуу сөз болду. "Ички иштер органдарын реформалоо - өкмөттүн негизги багыттарынын бири. Жарандардын коопсуздугу жана тынчтыгы өкмөттөн көз каранды. Биз мамлекеттүүлүктү укук коргоо органдарынын күчтүү системи аркылуу гана бекемдей алабыз. Ошондуктан биз жарандык коом менен тыгыз иштешип, алардын сунуштарын угуп гана эмес, иште колдоно билишибиз керек",- деди Оторбаев.
Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев министрликтин имиджин жакшыртуу үчүн жарандык коом менен кызматташууга даяр экенин билдирди.
Жыйынтыгында укук коргоо органдарынын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.