Нефтетрейдерлер ассоциациясы: Бир аптада дизель майы 70 тыйынга арзандады
Кыргызстанда бир аптада дизель майынын баасы 70 тыйынга арзандады. Муну 22-сентябрда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. Бишкекте өткөн аптада 1 литр дизель майынын баасы 44,5 сом болсо, учурда 43,8 сом болууда. АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы учурда 39,9, АИ-92ники 46,8, АИ-95тики 49,2, АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 51,4 сом болууда.