Депутаттар оппозициянын коңшу өлкөнүн президенттерине жөнөткөн кайрылуусун сынга алышты

"Улуттук оппозициялык кыймылдын коңшу өлкөнүн президенттерине жасаган кайрылуусу эгемендүү өлкө катары Кыргызстанга абийир алып келбейт" деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев. Депутат оппозициянын кайрылуусу жакында ММКлар аркылуу жарыяланганын белгилеп, бул кайрылуу олуттуу мүнөзгө ээ эместигин айтты. "Тармактык комитеттин төрагасы катары айтарым, мындай кайрылуу оппозицияга да, өлкөгө да пайда алып келбейт. Тарыхты карасак, кандай кыйынчылыктар болгон күндө да Кыргызстан ички көйгөйлөрүн өзү чечип келген. Мындан ары да ушундай болушу керек",- деди Иманалиев парламенттин Эл аралык иштер комитетинин 22-сентябрдагы жыйынында.
Эскерте кетсек, жакында Кыргызстандын оппозициясы президент Алмазбек Атамбаевдин орунсуз сөздөрдү айтканын белгилөө менен коңшу өлкөнүн президенттерине кайрылуу жасашкан.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан