Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 22-сентябрда Баткен облусуна учуп кетти. Өкмөт өкүлү облус элин кышка даярдоо боюнча аймактагы штабдардын ишин жана Кулунду-Максат жолундагы эки көпүрөнүн курулушун текшерет. Баткен, Сүлүктү жана Исфара шаарларындагы мектеп, ооруканалардын да кышка даярдыгын текшерип, көмүр баалары менен таанышып чыгат. Өкмөттөн билдиргендей, вице-премьер Сүлүктүдө жана Баткен шаарында атайын жыйын өткөрмөкчү.