Тармактык комитет шаардын тазалыгы боюнча Бишкек мэриясынын жетекчилери менен биргеликте жыйын өткөрөт

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Бишкек мэриясынын жетекчилери жана шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте жыйын өткөрөт. Мындай чечим комитеттин 22-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды. Комитет Бишкек шаардык мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкекте катуу таштанды калдыктарын башкаруу системин жакшыртуу” долбоору боюнча Борбордук Азия үчүн Европа союзунун Инвестициялык фондунун гранты жөнүндө маселесин карады.

Депутат Максат Сабиров шаар мэри жыйынга келбегенинен улам аталган мыйзам долбоорун мэрия жетекчилери жана депутаттары менен биргеликте кароону сунуш кылды. Бул шаар тургундары үчүн өтө орчундуу маселе, бирок мэр эмне үчүн комитет жыйынына келбейт? Долбоор сунушталып жатканына 8 ай болсо да, эч кандай жыйынтык чыга элек. Биз карабай таштап койсок, “комитет карабай жатат” деп айтышат. Ошондуктан мэрия жетекчилери жана депутаттары менен биргеликте карайлы”,- деди Сабиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан