Депутаттар “Бишкекте таштанды калдыктарын иштетүү” долбоорунда коррупциялык схема бар” дешти

"Бишкекте таштанды калдыктарын иштетүү” долбоорунда 500 миң долларды мыйзамсыз жазуу схемасы бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 22-сентябрдагы жыйынында депутат Жоомарт Сапарбаев айтты. Долбоорду карап чыктым, шаардагы каттамдарды оптималдаштырууга долбоордун эсебинен 500 миң доллар бөлүнөт деп жазылыптыр. Демек, долбоордо 500 миң долларды мыйзамсыз жазуу схемасы бар экен. Бул жөн эле абсурд. Оптималдаштырууга эмне бар? Андан көрө Бишкектин жолдорун куруу керек”,- деди Сапарбаев.

Комитет “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системин жакшыртуу” долбоору боюнча макулдашууну кийинки отурумга калтырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан