Бүгүн, 22-сентябрда Кыргызстанга автоунаа алып кирүүдөгү бажы алымдарын көтөрүү боюнча өкмөттүн токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, бүгүндөн баштап унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша 1 куб сантиметрине 10-15 центке
(болжол менен 5,4-8,1 сом) кымбаттамакчы. Учурда 2000 сантиметр куб кыймылдаткычтуу унаанын бажы алымы 600 доллар
болсо, 22-сентябрдан тарта анын үстүнө 200 доллар, ал эми 3000 сантиметр куб кыймылдаткычтуу унаага 450 доллар кошулат. 2015-жылдын 1-январынан тарта бажы алымы дагы 50 центке көбөйүп, бажы алымдары 5 этап менен 2020-жылга чейин өсөт. Кененирээк маалымат
бул жакта.