Депутаттар "мыйзам долбоорун жактоо үчүн мэриянын бөлүм башчысы келиптир, мындай тарыхта болгон эмес" дешти

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 22-сентябрдагы жыйынында депутаттар бир катар мыйзам долбоорлорун кароодон баш тартышты. Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев жыйынга министрлер эмес, алардын орун басарлары келгенине нааразы. Бүгүн биздин комитет өтө олуттуу маселелерди караш керек болчу. Бирок чакырылгандардан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, каржы министри Ольга Лаврова жана Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов келбептир. Мэриядан бөлүм башчысы келиптир. Тарыхта парламентке долбоорду тааныштыруу үчүн бөлүм башчы келген эмес. Элдер акча издеп жүрүшсө, силер даяр акчаны коргой албай жатасыңар. Гранттарга мындай мамиле кылган болбойт”,- деди Иманалиев.

Депутат Бахадыр Сулейманов: Демек, мыйзам долбоору министрлер менен мэрге керек эмес болсо, анда эмнеге биз кабыл алышыбыз керек? Керек болсо күн тартибине киргизбей коюш керек болчу”,- деди ал. Жыйынтыгында депутаттар 4 мыйзам долбоорун кароодон баш тартышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан